• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

ЖМК мыйзамы боюнча түзүлгөн жумушчу топтун курамы бекитилди (тизме)

3 Чын куран 2024 10:53 Бишкек Govori.TV

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүлүп, курамы бекитилди. Бул тууралуу министрдин буйругунда маалымдалат.

Ага ылайык, жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирди:

  1. Ч. Эсенгул уулу – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — жумушчу топтун жетекчиси;
  2. В.К. Раимбачаева – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
  3. Ж.К. Акаев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
  4. С.С. Сарногоева – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын начальниги; 
  5. З. Т. Калмуратова – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин лицензиялык контролдоо жана анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу бөлүмүнүн башкы адиси;
  6. А.Р. Джумабаев – коз карандысыз медиа эксперт;
  7. Н.Р. Дуйшенбеков – “Журналисттер” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы;
  8. Н.К. Сыдыков – “Институт Медиа Полиси” институтунун юристи;
  9. А.К. Алагушев – “Институт Медиа Полиси” институтунун директорунун орун басары;
  10. К.Т. Оторбаев – “Азаттык” маалыматтык агенттигинин редактору;
  11. Д.В. Ложников —  “NEXT TV” телеканалынын башкы директору;
  12. Д.А. Маслова – “Кактус медиа” маалыматтык агенттигинин жетекчиси;
  13. К. Орозбай кызы – “Говори” ММАнин башкы директору;
  14. Г.Б. Темирчиева – “Vesti.kg” маалыматтык агенттигинин жетекчиси;
  15. С.Ч. Аманбеков – Exclusive.kg маалыматтык генттигинин  башкы редактору;
  16. Т.Н. Эргешбаева – коз карандысыз юрист;
  17. М.М. Ниязова – Кыргыз Республикасынын медиа аракет платформасынын мүчөсү;
  18. Э. Мыктыбек кызы – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдештеруу башкармалыгынын юридикалык жактарды каттоо болумунун башкы адиси;
  19. Н. А. Абдыкеримова – “Центр медиа развития” коомдук бирикмесинин директору
  20. У.С. Аралбаев – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) институтунун укуктук камсыздоо, жыйынтыктап талдоо, пландаштыруу жана козомолдоо башкармалыгынын жетекчиси.

 Ошондой эле, “Жалпыга маалымдоо каржаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна ЖТТ иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун Иш планы тиркемеге ылайык бекитилип, буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Ч. Эсенгул уулуна жүктөлгөн.

29-мартта “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов менен эксперттер, журналисттер жолугушкан. Анда министр өз сөзүндө эки айдын ичинде мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгып, президенттик администрацияга жиберүү керектигин кошумчалады.

13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган.

7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса, ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзмөк. Каттоо үчүн үч документ — арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим талап кылына баштамак. Ошондой эле ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керектиги жазылган.

Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сынга алган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда да жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзам долбоорун мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Количество просмотров: 52