Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеевдин арызы каралып, депутаттардын колдоду.
Маалым болгондой, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитети 1-февралда анын отставкасын колдогон.
Карыбек Дүйшеев бул кызматка 2019-жылдын 20-июнунда 7 жылдык мөөнөт менен шайланган. Мыйзам боюнча Конституциялык соттун төрагасын бошотуу Судьялар кеңешинин чечими, президенттин сунушу менен ишке ашат.