Жогорку Кеңеш 17-июнда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», «Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарды өзгөртүүнү үчүнчү окууда колдоду.
Депутаттардын 83ү «макул», 10у «каршы» добуш берди.
Өкмөттүк эмес уюмдар боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар – Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Евгения Строкова.