Жогорку Кеңеш кыргыз өкмөтүнүн 2019-жыл үчүн отчётун канааттандырарлык деп тапты.
Өкмөттүн отчетун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Өз сөзүндө премьер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн, коопсуздук жана коомдук тартипти, эл аралык кызматташтыкты жана санариптештирүү ишин камсыздоо боюнча көрсөткүчтөргө токтолду.
Талкуу учурунда депутаттар премьер-министрдин көңүлүн социалдык-экономикалык маселелерге буруп, коронавирус апаатынан улуттук экономиканы коргоо үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырышты.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп тапты. 96 депутат «макул» деп, 5 эл өкүлү «каршы» деп добуш беришти. Премьер-министр айтылган сындардын баарын кабыл ала турганын айтып, депутаттарга ыраазычылык билдирди.
Абылгазиев башында турган аткаруу бийлиги 2018-жылдын апрель айында иштей баштаган.