Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын угат.
Жыйында депутаттар Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетиши коомдо кызуу талкуу жаратып жатканын айтып, түштөн кийин ал боюнча маалымат угуу үчүн укук коргоо органдарын чакырууну сунушташты. Натыйжада күн тартибинде саат 14:00дө каралмай болду.
Эскерте кетсек, «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. 6-июль күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын ЖМКларга берген маегинде билдирди.