• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жогорку Кеңеш өзгөчө абалды узартууну колдоду

15 Чын куран 202011:57 Бишкек Govori.TV

15-апрелде Жогорку Кеңеш Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда жарыяланган өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартууну жана Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизүү боюнча президенттин жарлыгын карап, аны жактырды.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка 14-апрелде кол койгон.

Себеби, Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавирус көп катталган үч шаар, үч райондо өзгөчө абал киргизилген.

Количество просмотров: 249