• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жогорку Кеңеш өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу боюнча токтомду кабыл алды

30 Чын куран 2020 11:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеште өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режимин узартуу жөнүндө токтом кабыл алынды.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Президенттин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 10-майды кошуп эсептеген мезгилге чейин узартылды. Аталган жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет.

Количество просмотров: 186