Жогорку Кеңешке аттанган партиялардын саны 26га жетти
2 Аяк оона 2021 19:16 Бишкек Govori.TV
Борбордук шайлоо комиссиясына 26 партиядан 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү.
БШКдан билдиришкендей, төмөнкү партиялар шайлоого катышууга белсенип жатат:
- «Социал-демократтар»
- “Улуттар биримдиги”
- “Ишеним”
- «Альянс»
- “Кыргызстандын жашылдар партиясы”
- “Жаратман Эл”
- “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия”
- «Ата Мекен»
- «Ыйман нуру»
- “Эл үмүтү социалдык саясий партия”
- “Актив”
- “Бийлик элге”
- ”Акыйкат Кыргызстан”
- “Ар-Намыс”
- «Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы»
- «Күч биримдикте» социалдык-саясий партиясы”
- «Азаттык” демократиялык партия”
- «Ынтымак”
- «Аалам”
- «Тилектештик”
- «Социалист”
- “Ак Бата”
- «Адилет”
- «Ата-Журт Кыргызстан”
- “Мекенчил эл”
- «Бирге-Вместе».
Подписаться:
Количество просмотров: 102