• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

2 Аяк оона 2021 12:43 Бишкек Govori.TV

КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ахмедов Канатбек Абдурашидовичти “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлайт.

БШК токтому менен Ахмедов Канатбек Абдурашидович КР Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Токтом ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.

Эске салсак, БШК кечээ, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» партиясынан депутаты Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болуп шайлангандыктан анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Количество просмотров: 235