• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жогорку Кеңеште эки депутат кайым айтыша кетти (видео)

3 Тогуздун айы 2019 9:32 Бишкек Govori.TV

2-октябрда ЖКнын жалпы жыйынында профсоюздар жөнүндө мыйзамды талкуулоо маселеси болуп жатканда депутаттар Эльвира Сурабалдиева (КСДП) жана Гулькан Молдобекованын (КСДП) ортосунда кайым айтышуу болду.

Депутат Сурабалдиева Гулькан Молдобекованы сөз кылып, анын жолдошу профсоюздар федерациясынын төрагасы экенин айтты. Анын айтымында жекелик кызыкчылык болуп кетүүсү мүмкүн, андыктан бул комитетте (ЖКнын социалдык суроолор боюнча комитети) болуп, добуш берүүгө моралдык укугу жок экенин айткан.

Мындан тышкары Сурабалдиева Мирбек Асанакуновдун ишмердүүлүгүн текшерип, козголгон сотко чейинки териштирүү иштери бар экенин жана алар чечилбей жатканын кошумчалады.

Ал эми депутат Гулькан Молдобекова өз кезегинде кесиптешине жооп кайтарып, «Ага карата козголгон иш болсо аны далилдеңиз, ооба ал менин жолдошум, эмне болуптур? Мен бул жерде олтурбашым керекпи? Өзүмдүн мыйзамдык укуктарымды аткарып жатам. Асанакуновго жетиш үчүн, сизге дагы көп тажырыйба керек», — деди.

Количество просмотров: 943