• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Жогорку Кеңеште ким заңдап салды?

8 Теке 2021 11:06 Бишкек Govori.TV


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ак үйдүн имаратына белгисиз бирөө заңдап салганын өзүнүн Телеграм каналына жазып чыкты.

Бекешев кечээ Жогорку Кеңеште өтө жагымсыз жагдай түзүлгөнүн айткан.

«Депутаттар мыйзам долбоорлорун карап, суроолорду берип жаткан учурда Жогорку Кеңештин айрым кызматкерлери өлкөдөгү башаламандыктан тажап, бардык бийликке ачууландыбы же жөн гана ичи оорудубу үчүнчү кабаттагы бир депутаттын иш бөлмөсүнүн жанында заңдап койгон. Ал эми жытты сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Жоопкерчиликсиздик гана буруксуп турду», — деп жазды депутат Бекешев.

Количество просмотров: 6405