• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жогорку Кеңештеги 8 комитеттин төрагалыгына кимдер сунушталып жатат? (Талапкерлер)

12 Үчтүн айы 2022 17:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңеш түзүмүн бекитти. Ага ылайык, парламенттин 8 комитети түзүлдү. «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы көрсөткөн Жамиля Исаева, «Ишеним» фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиев жана Алай округунан Улан Примов төраганын орун басарлары болуп шайланды.

Эми депутаттар комитеттердин төрагаларын шайлашы керек.

Сунушталган талапкерлер:

  • Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине — Жанар Акаев, Тазабек Икрамов;
  • Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетине — Азиз Турсунбаев;
  • Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетине — Медер Алиев;
  • Каржы, экономика, фискалдык саясат комитетине — Данияр Төлөнов;
  • Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитетине — Динара Ашимова;
  • Укук тартиби, кылмыштылуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү — Сүйүнбек Өмүрзаков;
  • Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетине — Бакыт Сыдыков;
  • Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетине — Балбак Түлөбаев, Аманкан Кенжебаев.
Количество просмотров: 1574