• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жогорку Кеңештеги комитеттердин төрагалары шайланды (тизме)

17 Бештин айы 202518:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттин түзүмү каралып, тармактык комитеттер бекитилди.

Парламенттин 5 депутаттык тобунан VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин комитеттерине төрагаларды шайлоо тууралуу сунуштар берилген.

Жашыруу добуш берүүнүн жыйынтыгында:

  • Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп Курманкул Зулушев («Мекенчил» депутаттык тобунан) шайланды;
  • Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп Элдар Сулайманов («Адилет Кыргызстан»);
  • Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасы болуп Бакыт Тентишев («Адилет Кыргызстан»);
  • Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрайымы болуп Токтобүбү Ашымбаева («Мекенчил»);
  • Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп Куванычбек Конгантиев («Ата Журт»);
  • Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Алтынбек Кудайбердиев («Элдик»);
  • Сот-укук маселелери, укук тартиби, коррупция менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы болуп Болотбек Борбиев («Ала-Тоо»);
  • Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин төрайымы болуп Гүлсүнкан Жунушалиева («Мекенчил») шайланды.

Количество просмотров: 341