• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Жогорку Кеңешти Ташиев келип талкалап кетти» дешет экен. Депутат агынан жарылды

2 Кулжа 2022 17:37 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети менен Жогорку Кеңештин ортосунда тиреш пайда болгондой жагдай бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо бүгүн, 2-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

Депутат өкмөт мүчөлөрүнүн депутаттарга кылган мамилесин сындады.

«Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, «ачык, бетке айтыңыздар» деп жатасыздар. Министрлер кабинети менен Жогорку Кеңештин ортосунда тиреш пайда болгондой жагдай бар. Бул жагдайдын кесепети жергиликтүү бийликтегилердин бизге жасаган мамилесинен байкалып жатат. Ушуну жөнгө салып коюңуздар! Бизди эл шайлаган. Өз жумушубуз менен турмушубузду айталы деген жокпуз. Элдин көйгөйү деп келип жатабыз. Бир мисал, Кочкор районунун акими бүгүнкү күнгө чейин ошол жерден бир бөлмө берип, менин эл менен иштеген адисимди камсыз кыла албай жатат. Ушул сыяктуу бир мандаттуу округдан шайланып келген башка депутаттардын иштери сокурга көз бүткөндөй көрүнүп жатат. Мунун кесепетинин дагы бири урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, сиз бүт баарын бетке айталы деп жатасыз. Туура, бетке айтышалы. Эртең өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн жакшы болот. Сиз келип дайыма Жогорку Кеңешти урушасыз. «Колуңду сындырам», «жонуңа жүктөп кел», «токтоткула» деген сыяктуу сөздөрдү айтып койгон сайын элде ушундай түшүнүк болуп калат экен. Бул эми сиздин мүнөзүңүздүр, айта турган кебиңиздир. Бирок эл түшүнүп калат экен дагы «Жогорку Кеңешти Ташиев келип талкалап кетти» дешет экен. Парламент кандай орган? Чындап эле сиздер келип урушсаңыздар башыбызды чүмкөп, туруп бере турган органбызбы же өзүбүздун максатыбыз менен оюбузду айта турган органбызбы? Мен ушул нерсени сурайын деп жатам. Бүгүн биздин аппаратта билдирүүлөр тарап жатат. «Депутаттар баарыңар ордуңарга отургула, Камчыбек Кыдыршаевич келет экен» деп. «Бокочо» көрсөтүп жатат. Жогорку Кеңештин орду бул, мыйзам чыгаруу органында иштейсиңер деген нерселер болуш керек деп ойлойм. Элдин көз карашында Министрлер кабинети менен парламенттин ортосунда ажырым болбосо экен деген эле ой»,- деди депутат Мирлан Самыйкожо.

Ал эми УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев депутаттын айткандарына төмөндөгүдөй жооп берди.

«Урматтууу Мирлан Самыйкожо, Кочкор районунун акими Камчиев боюнча бизде оперативдүү маалыматтар бар. Ал боюнча жакында чечим кабыл алабыз. Аны сиз айтпасаңыз деле билебиз жана тийиштүү чараларды көрүп жатабыз. Ал эми колун сындыруу боюнча, «мен сени көрсөтөм» деп жатса мен эмне деп айтышым керек? Дагы бир жолу айтайын, мени эч ким көрсөтө албайт. Мени көрсөткүчө анын колун сындырып коем. Бул сизге тиешелүү эмес. «Ташиев келет экен, отургула» деп эч ким айтышы мүмкүн эмес. Урматтуу Талант Турдумаматович, ошол кызматкерлерди жоопко тартыш керек. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарын жергиликтүү бийлик органдары сыйлоого укуктуу жана биз ага жараша сиздерге мамиле кылабыз. Коркутуп айткан жокмун, бетиңиздерге айтып жатам»,-деди Ташиев.

Количество просмотров: 6473