• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын төрагасы шайланды

17 Бештин айы 202515:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын алгачкы жыйыны өтүп, жаңы шайланып келген депутаттар ант берип ишине расмий киришти.

Ошондой эле жыйында Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо маселеси да каралды. Талапкер катары депутат Нурланбек Тургунбек уулун беш депутаттык топ бирдей колдоп, сунушташты.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын төрагасы болуп шайланды. Добуш берүүдө «макул» деп 84 депутат добуш берсе, 3 эл өкүлү каршы добуш беришти.

Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтүп, 90 мандаттын 87сине депутат шайланган. Ал эми №13 округдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Количество просмотров: 254