• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жогорку Кеңештин аппарат башчысы алмашты

25 Тогуздун айы 202210:21 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин буйругу менен Шабданбек Алишев парламенттин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы 24-октябрда маалымдады.

42 жаштагы Шабданбек Алишев буга чейин президенттик администрацияда, кийинчерээк Жогорку Кеңеш төрагасынын кеңешчиси кызматтарын аркалаган.

Буга чейин ЖКнын аппаратын Бакытбек Мажитов жетектеп келген.

Количество просмотров: 218