• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси коронавирустан айыкты

27 Кулжа 2020 18:05 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу коронавирустан айыкты. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Айтымында, кайталап тапшырган анализинин жыйынтыгы 2 күндөн кийин чыгат.

«Жанымдагы дуңган жигит… Ысымы Хизир, кыргызчасы Кызыр экен. Урматтуу туугандар, тогуз күн дегенде Кызыр экөөбүз Токмоктогу оорукана, андагы алтын врачтардын жардамы менен COVID-19ду жеңип чыктык. Орунду ээлебей мындан ары үйүмө барып жатмай болдум, доктурлар уруксат берди. Кызыр түз эле кетменин көтөрүп, пияз талааны сугарууга кетти. Эки күндөн кийин анализибиз чыгат. Таза чыгат деп үмүттөнүп жатабыз. Себеби жыт сезүү кайтып келди, көк жөтөл басылды. Ата-энелерибиз, карыяларыбыз ылайым эле аман-эсен болсун. Жаштар үчүн COVID сасык тумоодой эле жеңил өтөт экен. Коркпоңуздар. Менден көп досторум эмне дары ичтиң деп сурап жатышат. Жөн гана жөтөлдүн дарысын ичтим. Эң негизгиси башкаларга жугузбай, обочо дарыландым. Палата бошоду, муктаж адамдарыбыз дарыланып, алардын да ооруну жеңип чыгышын тилейм! Ырчы кызыбыз, Аселибиз да сакайып кетишин тилейбиз, оорубаңыздар», — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Ибраим Нуракун уулунан 18-июнда коронавирус инфекциясы аныкталып, Токмок шаарына ооруканага жаткырылган.

Количество просмотров: 273