Жогорку Кеңешинин депутаттары 2022-жылдын 3-июнунан 6-июнуна чейин Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдумга мониторинг кылуу үчүн жумушчу сапарда жүрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, депутаттар Бактыбек Сыдыков менен Бахридин Шабазов Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ) Парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобуна, ал эми депутат Элмурза Сатыбалдиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобуна кирет.
Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 5-майында Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Казакстанда 2022-жылдын 5-июнунда референдум өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.