• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024
????????????????????????????????????

Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Тыныбекова окуп кеткен мектепке барды

30 Аяк оона 2019 21:32 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин депутаттары Бишкек шаарындагы Олимпиадалык резервдер мектебинде көчмө жыйын өткөрүп, мурда берилген тапшырманын аткарылышын текшерди.

Эске салсак, 2018-жылы 28-майда тармактык комитет спорт мектепбинин абалы менен таанышкан. Анда депутаттар окуу корпусу, жатаканасы, спорт комплексинин абалы өтө начар экенине, курулгандан бери капталдык ремонттон өтпөгөнүнө, спорттун инвентарлардын эскилигине күбө болушкан.

Балдардын тамак-ашынын сапатын жакшырытуу, мугалим-машыктыруучулардын эмгек акысын кайра кароо боюнча маселе көтөрүлүп, аткаруу бийлигине спорт окуу жайына керектүү каражат бөлүнсүн деген талап койгон. Бюджеттен 48 млн сом бөлүнүп, имараттары 80 пайызга ремонттолду, жаңы эмеректер менен жабдылды. Эл өкүлдөрү бул каражатка окуу жайдадагы өзгөрүүлөргө жакшы баасын берди.

Окуу жайдын былтыркы абалы менен азыркысы асман менен жердей. Каражат туура пайдаланылып, абдан жакшы оңдоо иштери болуптур,–деди комитеттин төрагасы Эмил Токтошев

Спорт мектебинде шарттар жакшырганын белгилеген депутат Максат Эгембердиев спортчу-окуучуларга берилүүчү тамактын каллориясын дагы көтөрүү керектигин белгиледи. “Бир баланын бир күндүк тамагына 213 сом бөлүнөт. Бул суткасына 5 саат машыккан спортчу үчүн жетиштүү эмес. Жок эле дегенде 326 сомго чыгарыш керек. Бирок былтыр биз келип эскертүүлөрдү бергенден кийин тамак-ашынын сапаты бир топ жогорулатыр”, — деди депутат.

Спорт коледжинин директору Кадырбек Эргешов жаны спорт аренасын куруу зарылдыгын, ал үчүн жер аянты бар экенин айтты. Комитет мүчөлөрү обьектини кийинки жылдардын бюджетине кийирүү мүмкүнчүлүгү караларын билдирип, алгач курулуштун сметасын иштеп чыгуу сунушун берди.

Комитет жыйынына катышкан күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өзү окуп кеткен спорт мектебинин оңдолгонуна кубанганын билдирип, спорт тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоолор үчүн ыраазылыгын  айтты. Ошондой эле кыргыз спортун өнүктүрүү үчүн эл аралык стандарттагы спорт аренасы өтө керек экенин белгиледи.

Чет өлкөлөргө барганда ал жактагы спорт комплекстерин көрүп ичим ачышат, Бизде да ошондой спорт ареналары болгондо деп ыйлагым келет. Мени канадалыктар чакырып жатат. Биз да дүйнөлүк деңгээлдеги спортчуларды чакыралы десек, аларды кабыл алууга мүмкүнчүлүк жок. Эгер алар келсе, биздин жаш спортчулар үчүн тажрыйбасын жогорулатууга абдан жакшы шарт болмок, –дейт Айсулуу Тыныбекова.   

Талкуу соңунда комитет мүчөлөрү спорт коледжде окуган балдардын тамак-ашына бөлүнгөн акчаны көбөйтүү, мектептин ичинде медициналык пункт ачуу, спорт аренасын куруу үчүн анын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Количество просмотров: 4308