• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин депутаттары бир жума парламентте иштебейт

19 Жалган куран 2020 20:37 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары 23-27-март аралыгында өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтарга караганда, жугуштуу коронавирус илдети (Covid-19) дүйнөнүн 180 өлкөсүнө жайылды. Анын кесепетинин 8 миң адам набыт болгон. Ал эми Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 3 адам каталды. Алардын баары Сузак районунун тургундары болуп саналат. Ал аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланып, илдеттин жайылышын алдыналуу чаралары көрүлүүдө.

Количество просмотров: 278