• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы саясий сезонду ачышты

2 Аяк оона 2019 12:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы Кыргыз Республикасынын гимни менен расмий түрдө ачык деп жарыяланды. Төрага Дастанбек Жумабеков белгилегендей, ачылыштан соң депутаттардын иши комитеттердин жыйындарында уланмакчы.

Эске салсак, алтынчы чакырылыштагы азыркы парламент 27-июнда VI сессиясын аяктап, жайкы эс алууга тараган. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышмак. Ал эми август айында эмгек өргүүсүнө чыгышкан.

Азыркы парламент 2015-жылы күзүндө шайланган. Анда алты фракция бар. Бул чакырылыштары парламенттин мөөнөтү 2020-жылы аяктайт.

Количество просмотров: 64