• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо долбоору экинчи окуудан өттү

16 Чын куран 202514:22 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш 16-апрелдеги отурумунда парламенттин депутаттарын шайлоону өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө 83 депутат “макул”, бир эл өкүлү “каршы” деп добуш берди.

Ага ылайык, өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлүп, анын ар биринде үчтөн депутат шайланат. Алардын ичинен эки мандат эркектерге, бир мандат аял кишиге берилет. Ошондо жок эле дегенде 90 мандаттын 30ун аялдар алат. Эгерде өз округунда көп добуш алып биринчи, экинчи орунга чыкса, анда аял депутаттардын саны дагы көбөйөт. Бир шайлоочу бир эле талапкерге добуш берет.

Депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Мандат ошол округдан көп добуш алган кийинки талапкерге берилет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев, Советбек Рустамбек уулу жана Жайлообай Нышанов. Авторлор мыйзам долбоору кабыл алынса саясий коррупцияны азайтат деп эсептешет.

Количество просмотров: 193