• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Жогорку Кеңештин эки депутаты мандатын тапшырды

4 Жетинин айы 2021 9:31 Бишкек Govori.TV

БШК «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Абдалиев Мейкинбек Акимовичтин жана «КСДП» партиясынан депутат Керезбеков Канат Керезбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

БШК ЖКнын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондугу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде депутат М.Абдалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту. Абдалиевдин күбөлүгү жараксыз деп табылды. Ошондой эле депутат Керезбековдун жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары токтотулуп, күбөлүгү жараксыз деп табылган.

Ал ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетин жетектечү. К. Керезбеков парламентке 2017-жылдын жазында келген

Количество просмотров: 84