• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы мамлекеттеги кадрлардын өзгөрүүсү боюнча маселени карайт

1 Чын куран 2020 12:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы мамлекеттеги кадрлардын өзгөрүүсү боюнча маселени карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков билдирди.

«Жогорку Кеңештин жыйыны бүткөндөн кийин коалициялык көпчүлүк чогулат. Мамлекеттеги кадрлардын өзгөрүүсү боюнча маселелер каралат. Кээ бир министрлердин, вице-премьер-министрдин алмашуусу болот экен. Сунуш түшүп жатат. Карап чечип берсеңиздер жаңы вице-премьерди, министрди шайлап алсак жакшы болмок», — деди Жумабеков.

Количество просмотров: 121