• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды

1 Аяк оона 202110:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-сентябрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылды. Анда төрага Талант Мамытов кесиптештерин Эгемендиктин 30 жылдыгы менен куттуктады. Маалым болгондой, парламент 10-11-сентябрь күнү кийинки жыйынга чогулат.

«Жогорку Кеңеш кийинки аптада кезектеги жыйынга чогулат. Ага чейин комитет иш алып барат»,-деди Мамытов.

Эске салсак, 30-июнда Жогорку Кеңештин VIII сессиясынын жабылуу салтанаты болуп, VI чакырылыштын депутаттары эки айлык эс алууга тараган.

Количество просмотров: 91