• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков камактан чыкты

13 Жалган куран 2019 12:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.03.2019.Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков шартту түрдө камактан бошотулду. Бул тууралуу Govori.TV. агенттигинин булактары билдиришти.

Маалыматты ЖАМКтын пресс-катчысы Govori.TV. агенттигине тастыктады.

«Карганбек Самаков жатак абагына чыкты, өлкөдөн сыртка чыкса болбойт, болгону биздин көзөмөлүбүздө болот. Шартту турдө чыккандан кийин, бир жарым жылдык мөөнөтүн жатак абакта өткөрөт. Жаңы кодекстерге ылайык, соттолгондордун баарынын иштери кайра карап чыгууга жиберилген», -дейт ЖАМКтын өкүлү.

Бирок Самаковдун баласы Кубанычбек Самаков камакта калды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылган. Карганбек Самаковдун мүлкү конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги камакта өтөгөн. Бирок, жаза мөөнөтү эки мунапыс менен абак мөөнөтү үчтөн экиге кыскарган.

Аны менен кошо күнөөлөнүп жаткан Кубанычбек Самаков, Аликбай Сариев, Урмат Нурдинов, Эрнис Койчуманов жана Абай Таштанбеков күчөтүлгөн тартипте 8 жылга эркинен ажыратылып, эки мунапыс менен жаза мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскарган.

Ал эми Игорь Чудинов менен Искендер Айдаралиевге 5 миллион сомдон айып салынган. Арстанбек Ногоев, Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев 10 жылга эркинен ажыратылган. Эскерте кетсек, Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединов айыл аймактарынан 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялап алган деген

Количество просмотров: 40