Бишкек.29.12.2018. Govori.TV.
Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковду үч жылдык сынак мөөнөтү менен жети жылга шарттуу кесип, беш жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматтарга иштөө укугунан ажыратты. Мындай чечимди сот 28-декабрда кабыл алганын укук коргоочу Анарбай Орозов «Азаттыкка» билдирди.
Мамлекеттик айыптоочу Исаковдун үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен аны 12 жылга эркинен ажыратууну жана сот залынан камакка алууну өтүнгөн.
Экс-депутат менен чогуу айыпталып жаткан райондук архитектуранын жана Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерине карата да үч жылдык шарттуу мөөнөт берилди.
Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ага “Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган” деген айып коюлган.
Прокуратура тараткан маалымат боюнча, ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура кызматынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген.