• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жогорку Кеңештин төрагалыгына Мадумаров менен Мамытов ат салышууда

29 Бештин айы 202117:48 Бишкек Govori.TV

Учурда Жогорку Кеңештин спикерин шайлоо үчүн добуш берүү процесси башталды. Ага ылайык, «Ынтымак» фракциясынан Талант Мамытов , «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Адахан Мадумаров көрсөтүлдү.

Башка фракциялар жана бир мандаттуу округдун депутаттары талапкер көрсөткөн жок.

Кошумчалай кетсек, Мадумаров буга чейин Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын спикери болгон. Ошондой эле 3 жолку чакырылыштын депутаты. Ал эми Талант Мамытов буга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын төрагасы болчу.

Количество просмотров: 1254