• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин төрагасы Мамытов аялзатын майрамы менен куттуктады

8 Жалган куран 2022 14:23 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аялзатын 8-март майрамы менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосу:

«Урматтуу айымдар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Аялзаты эзелтен эле үйүбүздүн куту, балдардын мээримдүү энеси, жароокер жубайы катарында төрүбүздүн сыймыгы болуп келген.

Өмүргө өмүр улап, ар бирибизди камкордукка алып, жылуулук тартуулаган да аялзаты. Андыктан, жашообуздагы жагымдуу окуялар сиздер менен гана байланыштуу.

Элибиздин башына түшкөн оор сыноолордо да аялзаты келечек үчүн жоопкерчиликти алып, өзүнүн даанышмандыгын көргөзүп келген. Өзүнүн ак эмгеги менен белгилүү болгон айымдарыбыздын ысымдары түбөлүк тарых барактарында жазылып, кийинки муундарыбызга татыктуу өткөрүлүп келет.

Ардактуу энелер, кымбаттуу эже-карындаштар!

Сиздер өлкө келечегин жаратып, улуттун учугун улаган кадырман энесиздер. Сиздердеги аруулук, сабырдуулук жана кажыбас кайрат калкыбызга дем-күч берип, баарыбызды жаркын үмүткө чакырат.

Биздин асыл айымдар, бар болуӊуздар! Дагы бир жолу майрамыӊыздар менен! Ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм!»

Количество просмотров: 50