• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку Кеңештин төрагасы Португалияга кетти

30 Кулжа 20259:12 Бишкек Govori.TV

Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) XXXII жылдык сессиясына катышуу үчүн Португалия мамлекетине жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында төрага аталган эл аралык иш-чарада баяндама жасап, аймактык жана глобалдык маселелерди чечүүдө парламенттик дипломатиянын ролун кеңейтүү боюнча сунуштары менен бөлүшөт.

Андан тышкары бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 146