• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жогорку сот 13 жашар кызды зордуктаган милиционерлердин бирөөсүнүн жазасын өзгөрттү

5 Чын куран 2023 13:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку сот 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалган милиция кызматкерлерине өкүм чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, 6 жылга кесилген милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү 7,5 жылга өзгөрдү. Калган эки айыпталуучуга карата шаардык сот чыгарган чечим күчүндө калды.

Мындан туура бир жыл мурун 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүүлөр кармалган. Кылмышка милициянын эки кызматкери жана «Дордой» базарынын кароолчусу айыпталууда. Райондук сот эки милиция кызматкерди 15, ал эми базар кызматкерин 10 жылга кескен. Кийин Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Мирад Динеевдин төрагалыгы алдында айыпталуучулардын жазасын жеңилдетип, жаза өтөө мөөнөтүн 6 жана 9 жылга кыскарткан.

Кыздын жакындары мындай чечимге нааразы болгон. 22-мартта Жогорку соттун имаратынын алдында эки милиция кызматкери жана базардын кароолчусу тарабынан зордукталган 13 жаштагы кызды колдоо акциясы өткөн.

Количество просмотров: 75