• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Бишкектин, Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн иш-чаралар жөнүндө маалымат. «Журналист Канышай Мамыркулова» жөнүндө Govori.TV жаңылыктар порталында окунуздар.

1 Тогуздун айы 2018 10:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.10.2018. Govori.TV
Бүгүн, Жогорку Сот ,Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карайт. Шаардык сот 17-сентябрда өткөн отурумда экс-мэрдин камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Ибраимовдун бөгөт чарасын өзгөртүүнү жактоочусу суранган. Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен айыпталып жатат. УКМК билдирүүсүнө караганда, ал «Дастан” ишканасын жетектеп турганда «270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган.
Ошондой эле, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деп шектелип жатат.
Эске салсак, Албек Ибраимов быйыл 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.
Количество просмотров: 30