Жогорку Сот Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун Борбордук шайлоо комиссиясынын аны мандатынан ажыраткан чечими боюнча арызын карап, канааттандырган жок.
Ага ылайык, депутаттын арызы 25-26-январда жогорку инстанцияда каралып, буга чейинки Бишкек шаарынын административдик сотунун 4-августтагы жана шаардык соттун 2-октябрдагы чечимин күчүндө калтырылды.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 6-июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары Фарходбек Алимжанов (“Альянс”) менен Фархат Исмаиловду (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) мандатынан ажыратты. Буга алардын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы негиз болду. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөн жылы марттан тарта УКМК бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын жана кош жарандуулугун текшере баштаган.