• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жогорку сот Санжарбек Бакиевдин ишин кайра кароодон баш тартты

29 Үчтүн айы 2021 10:13 Бишкек Govori.TV

Жогорку соту мурдагы президент Курманбек Бакиевдин инисинин уулу Санжарбек Бакиевдин ишин кайра кароодон баш тартты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Санжарбек Бакиев ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо тууралуу өтүнүч менен кайрылган.

Мурдагы президенттин иниси Жусупбек Бакиевдин уулу Санжарбек Бакиев «2010-жылдын май айында Жалал-Абадда башаламандык уюштурган, бийлик өкүлдөрүнө карата курал колдонгон» деген айып менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийин облустук соттун бул өкүмүн Жогорку сот жокко чыгарып, аны беш жылга кескен.

2014-жылдын ноябрь айында Санжарбек Бакиев жаза мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу эркиндикке чыкканын, абак мөөнөтүн толугу бойдон өтөп бүткөнүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлаган.

Количество просмотров: 344