• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жогорку сот Тарых музей менен ипподромду оңдоо боюнча сот чечимдерин жокко чыгарды

7 Бештин айы 202014:59 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот Тарых музейи менен Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды реконструкциялоо иши боюнча кылмыш ишке байланыштуу эки инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарды. Бул маалыматты жактоочу Бакытбек Автандил уулу жкрналисттерге билдирген.

Маалым болгондой, жактоочунун кассациялык арызын колдогон Жогорку сот ишти Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Эске салсак, бул ишке катышкандардын арасында мурунку премьер-министр Сапар Исаков менен президенттин мурунку кеңешчиси Мира Карыбаева да бар.

Буга чейин сот Сапар Исаков күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыратып, 247 млн. сомдон ашык айып пул салган.

2018-жылдын июль айында Башкы прокуратура имаратты реконструкциялоого жана Мамлекеттик тарых музейине шаймандарды сатып алууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалангандыгы боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилгени аныкталган.

Количество просмотров: 140