• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жогорку сотто Салянованын лицензия боюнча иши каралат

27 Үчтүн айы 2021 9:19 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот бүгүн, 27-январда мурдагы юстиция министри, экс-башкы прокурор Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин карайт.

Салянованын жактоочусу Рабига Садыкова билдиргендей, Жогорку соттогу отурум саат 10.30га белгиленген. Буга чейин алгачкы соттук териштирүү 27-январга жылган.

Сыдыкова ишти кайра кароого үч жагдай негиз болгонун айтты. Буга чейин Аида Салянованын адвокаттары жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылган.

Аида Салянова «2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны беш жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Жазаны экс-прокурор кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган. Ал эми Жогорку сот жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу ишти кайра карап, мурдагы прокурордун жазасын өзгөрткөн эмес.

Количество просмотров: 177