• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жогорку соттордун төрагаларынын XVI кеңешмеси өттү

24 Аяк оона 2021 17:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешмеси өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешме Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагалыгы астында өтүп, модератор Нургүл Бакирова болду.

Бакирова иш-чара ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жаткандыгын белгиледи.

“20 жылдын ичинде ШКУ институционалдык курулуштан тартып, ШКУга мүчө мамлекеттердин өз ара мамилелеринин сапаттуу деңгээлге чыгышына чейин чоң жолду басып өттү. ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кезектеги Кеңешмеси мындан аркы кызматташтык үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, сиздердин катышууңуздар жана салымыңыздар менен биздин Кеңешменин алкагында туруктуу мамилелерди түзүүгө мүмкүн эмес эле”, -деп белгиледи Жогорку соттун төрайымы.

Кеңешмеге Индия Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Л. Нагешвара Рао, Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Жакып Асанов, Кытай Эл Республикасынан Жогорку элдик сотунун төрагасы Чжоу Цян, Пакистан Ислам Республикасынын Жогорку сотунун башкы судьясы Гульзар Ахмед, Россия Федерациясынын Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев, Тажикстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиен, Өзбекстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Козимджан Камилов жана Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Владимир Норов, ШКУнун регионалдык терроризмге каршы түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директорунун орун басары Канат Тюкеевдер катышты.

Ал эми байкоочу-мамлекеттерден Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Валентин Сукало, Ирандын Жогорку сотунун төрагасы Сейед Ахмад Мортазави Могаддам, Монголиянын Жогорку сотунун төрагасы Ганзориг Дамдин болушту.

«Жогорку соттордун төрагалары бейтарап (арбитраждык) соттордун чечимдеринин аткарылышы чөйрөсүндөгү алдыңкы улуттук тажрыйбалар, ШКУга мүчө мамлекеттердин жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарына байланышкан илимий–теориялык жана колдонмо мүнөздөгү, ошондой эле ювеналдык юстиция жаатында маалыматтар менен өз ара алмашуу жагын макулдашышты. Мындан тышкары, глобалдык санариптештирүү тенденциясына шайкеш келе турган соттордун ишине маалыматтык технологияларды киргизүү жаатында тажрыйба алмашууну макулдашышты. Ошол эле учурда катышуучулар ШКУнун учурдагы өнүгүү этабы маалыматтык технологияларды активдүү өнүктүрүү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомдук аң-сезимге тийгизген таасиринин өсүшүнө дал келе тургандыгын белгилешти. ШКУга мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына ылайык, кеңешменин катышуучулары сот органдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара байланыштары маанилүү экендигин кошумчалашты,»,-деп айтылат маалыматта.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кийинки жыйыны 2022-жылы Тажикстан Республикасында өтөөрүн белгилейбиз.

Количество просмотров: 127