Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку соттун имаратынын алдына мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку сотто Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш жабык каралууда. Чогулган тарапташтары соттук отурумда ачык өтүүсүн талап кылышууда.
Буга чейинки 2 отурум судьялардын ден соолугуна байланыштуу жылдырылган болчу.
Бул иште айыпталуучулардын бири мурунку президент Атамбаев 11,2 жылга эркинен ажыратылган.
Бүгүн чогулгандардын арасында депутат Ирина Карамушкина, Атамбаевдин балдары — Сеид Атамбаев жана Алия Шагиева бар.