• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жогорку соттун Соттук департаментинин мурдагы жетекчиси пара менен кармалды

2 Бирдин айы 2020 1:05 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун Соттук департаментинин мурдагы жетекчиси (Р.И) 31-январда ири суммада пара алууга шек саналып камакка алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай Коррупцияга каршы кызмат Соттук департаментти текшерип, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам бузулганын аныктаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун жана Соттук департаменттин имаратын оңдоо боюнча тендерде кызматтык адамдар жеке ишкерден опузалап ири өлчөмдө пара алганы аныкталган.

Бул коррупциялык ишке Соттук департаменттин статс-катчысы, департаменттин бөлүм башчысы, башкы адиси жана инженеринин катыштыгы бар экени далилденген.

Былтыр декабрь айында бул ишке тиешеси бар деп камакка алынган Соттук департаменттин ресурстар башкармалыгынын башчысынын (А.А.) жактоочусу Алия Турумбекова билдирген. Ал камакка алынган адам «3 млн. сом пара алган» деп шек саналып жатканын билдирген.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 193