Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди карады.
Талапкерлер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.
Анын айтымында, Жапаров Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган.
Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Элмира Байтикова менен Медербек Сатыевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайлашты.
Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун шайланган судьялары парламентте ант беришти.