Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге, Ош облустук сотунун жетекчиси Мирлан Боромбаевге жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Самудиновго тартиптик жаза колдонуу чечимин Судьялар кеңеши кабыл алган. Бул маалыматты “GovoriTVга” Соттор кеңешинин басма сөз кызматы ырастады.
Бул чечимди Судьялар кеңеши 2025-жылдын 24-январындагы отурумунда кабыл алынган, бирок ачыкка маалымат чыккан эмес. Эмненин негизинде судьяларга чара колдонулганын да тууралуу маалымат жок.
24.kg маалымат агенттиги алар соттордон каражат чогултуу ишине байланыштуу тартиптик жазага тартылып, сөгүш алганын жазды. Бул боюнча материалдарды Судьялар кеңешине президенттик аппарат бергени кабарланды.
Буга чейин социалдык тармактарда “Медербек Сатыевге тартиптик жаза колдонулганы тууралуу Соттор кеңешинин чечими” делген материал тараган. Бул тууралуу Жогорку сот, Медербек Сатыев комментарий бере элек.
51 жаштагы Медербек Сатыев 2024-жылы октябрь айында Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган. Медербек Сатыев 2013-жылы ал Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди, Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын мүчөсү болгон. 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2022-жылы октябрда Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору болуп иштеп, 2024-жылдын башында Жогорку соттун судьясы болуп шайланган.