• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова «Govori.TVнын» тренингине келген лидер айымдар менен жолугушту

9 Бештин айы 2021 12:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2021-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Govori.TV мультимедиялык маалымат агенттигинин “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштурулган иш-чарага мейман катары катышты.

Нургуль Бакирова өз сөзүндө аялдардын коомдогу орду жана ролу чоң экендигин, аял үйдүн да, мамлекеттин да куту экендигин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө ийгиликтүү айымдарды саясатта гана эмес, бардык чөйрөлөрдө көрүүгө болот. Менимче, аял заты назиктиги, сезимталдыгы, жоопкерчиликтүүлүгү менен айырмаланат. Иштин бардык чөйрөлөрүндө лидер аялдардын болушу коомдун жана экономиканын тармактарынын гармониялуу өнүгүшүнө шарт түзөт. Анткени кыргыз аялынын бүгүнкү образы билим алууда, каражат табууда жана нарк-насилди сактоодо күчтүүлүгүн көрсөтүүдө», — деп белгиледи төрайым.

Белгилей кетсек, Govori.TV мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан келген 17 айым катышууда. Алардын арасында айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер бар. Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Количество просмотров: 132