• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку соттун төрайымы Токбаева Ыдырыс-Атанын күмбөзүнө куран окуп,  тарыхый комплексти кыдырып чыкты

28 Баш оона 2018 15:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.08.2018.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева  Жалал-Абад областына болгон иш сапарынын алкагында Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы  Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде болду.
 Төрайым менен бирге аталган  комплекске  Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев жана Чаткал  райондук сотунун төрагасы Сотибек Осмонов дагы барышты.

 Алгач Төрайым Ыдырыс-Атанын күмбөзүнө куран окуп,  тарыхый комплексти кыдырып чыкты.
Маалымат үчүн айта кетсек, “ Ыдырыс – Ата” комплекси Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынын батыш жагында  деңиз деңгээлинен 350- 380 метр бийиктикте  жайгашып, Жерге-Тал жана  Мазар-Сай  өрөөндөрүнүн ортосунда, Чаткал жана Чандалаш сууларынын кошулган жеринде орун алган.

Количество просмотров: 1