• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жокко чыккан буйрук менен Жалал-Абадда дүкөндөрдөн ичимдиктер алынып талкаланууда

17 Чын куран 202019:37 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абаддагы Арстанбаб айыл аймагында жаштар, жергиликтүү активисттер чогулуп дүкөндөрдө сатылып жаткан спирт ичимдиктеринин баарын алып, талкалап жатканы тууралуу видео социалдык тармакка жарыяланды. Видеодо дукөн ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүздүк мындан ары ичимдиктер сатылбай турган болду деп жатканын угууга болот.

Буга карата ар түрлүү пикирлер айтылууда. Айрымдары кайсы мыйзамдын негизинде мындай кадам жасалып жатканына жана келтирилген чыгымдарды ким төлөөрүнө кызыгышууда.

https://www.facebook.com/aziza.abdirasulova.1/videos/3697475533659515/?epa=SEARCH_BOX

https://www.facebook.com/aziza.abdirasulova.1/videos/3698008530272882/?epa=SEARCH_BOX

Белгилей кетсек, 13-апрелде өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда спирт ичимдигин сатууга тыюу салуу жөнүндө буйрук чыгарган болчу.

Бирок, коменданттын бул буйругу кайрадан жокко чыгарылган. Бул тууралуу  Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирген.

“Бул жергиликтүү бийликтер, депутаттар жана салык кызматы менен кеңеше турган, добуш менен чечиле турган иш экен. Ошондуктан буйруктун айрым жерлерин такташып туруп, кайрадан карап чыгалы деген чечим кабыл алдык. Бирок спирт ичимдигин саткандарга эскертүү берилип жатат. Ошол жактагы элдин саламаттыгы үчүн жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн 14 күн чыдап, аны сатпай турушун айтып жатабыз”, – деди комендант.

Количество просмотров: 140