Жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдун кошумча тууму жокко чыгарылды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, буга чейин жол эрежесин бузган айдоочуга айып салынып, аны өз убагында төлөбөгөн учурда туум кошулчу. Эми ал норма алып салынды.
Буга чейин ИИМ айдоочуларга туумду төгүү тууралуу эскертип жалпысынан 9 жолу токтом чыгарып, почта менен ар бирин 65 сом төлөп, кат түрүндө жөнөтүп жаткан. Ага кеткен чыгым өндүрүлгөн туумдан ашып кеткен. Айып пул салынгандан кийин 30 күн ичинде төлөнсө айдоочуга 70% жеңилдик берилет. Андан кийин айып пулдун өзүн 100% жана туумун күнүнө 1% өлчөмүндө кошо төлөш керек болчу.