Жол эрежелерин одоно бузган үлпөт кортежин кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан жол эрежесин одоно бузган той кортеждин акыркы автоунаасы 7-апрель менен Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинен кармалып, убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.
Буга чейин социалдык тармактарда катуу үн менен элдин тынчын алып, жол эрежелерин одоно бузган той кортежинин 8 автоунаасы кармалганы, алардын бардыгы айып короого киргизилгени кабарланган.