• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жол эрежесин бузгандарга жаза катаалдайт

2 Жалган куран 2023 10:20 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 8-мартынан тартып, мас абалында унаа башкарган айдоочулар бир жылдан үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылат. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта өткөн жыйында КР ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков билдирди.

Анын айтымында, Укук бузуулар кодексинин 193-беренесинде көрсөтүлгөндөй, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 17 миң 500 сом айып салынып же коомдук жумуштарга тартылып келген. Эми 8-марттан тарта мас абалында унаа башкарган айдоочулар унаа башкаруу укугунан бир жылга ажыратылат.

«Эми унаа башкарууга укугу жок жарандардын мас абалында унаа айдаган учурда, 15 миң сом айып салынып келсе, үч күнгө камакка алынат. Мас айдоочу спирт ичимдигин ичкендигин текшертүүдөн өтүүдөн баш тарткан учурда, буга чейин 17 миң 500 сом айып салынып келсе, мындан ары айдоочу үч күнгө жана айдоого укугу жок жаран 5 күнгө камакка алынат. Ошондой эле, спирт ичимдиги ичкендиги аныкталган учурда, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат», — деди ал.

Ошондой эле, буга чейин, айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, башка адамдардын ден-соолугуна этиятсыздыктан залал келтирип, бирок аракетинде кылмыштын курамы жок болгон учурда, 20 миң сом айып салынып же беш күнгө чейин камакка алынып келсе, мындан ары айдоого укугу жок айдоочу жети күнгө камакка алынат, ал эми айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

«Эгерде айдоочу жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин, кайрадан кайталанып, мас абалында унаа башкарган жана мас абалында жол кырсыгына кабылган учурда, унаасын убактылуу алып коюу менен үч жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат», — деп кошумчалады Ашырбеков.

Эскерте кетсек, унааны мас абалында башкарган айдоочуларды күбөлүгүнөн ажыратууну караштырган мыйзам былтыр 29-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кыргызстанда 2021-жылы 12 миң 100 мас айдоочу кармалган. Ал эми 2022-жылы 13 миң айдоочу мас абалында унаа башкарган.

Количество просмотров: 72