“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасында эреже бузган айдоочуларга чара көрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, комиссиянын ишинде жол кире акысын накталай акча менен алган айдоочулардын иши каралды.
Жыйынтыгында №6, №36 жана №195 каттамдын 3 айдоочу каттамдан алынды.
Буга чейин автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алган болсо, ал айдоочуга катуу чара көрүлөрү эскертилген.
Эскерте кетсек, 20-августтан тарта Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай акча кабыл алынбай тургандыгы айтылган.