• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Жол кирени көтөрүү маселеси: Вице-мэр айдоочулар менен жолукту

24 Чын куран 2021 13:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков Бишкек шаарындагы транспорттук компаниялардын жетекчилери, жүргүнчү ташуучу ассоциациялардын төрагалары жана жеке маршруттук таксилердин айдоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда коомдук транспорттордогу жол кирени жогорулатуу жана айдоочуларга салыктарды азайтуу маселелери талкууланган.

«Учурда мэрия бул багытта иштеп жатат. Айдоочулардын мындай мамилеси — нааразычылык акцияларын уюштуруу жана коомдук транспорттун ишин үзгүлтүккө учуратуу, шаардык муниципалитет менен транспорттук компаниялардын ортосундагы келишимдерди бузуу болуп саналат. Өз кезегинде айдоочулар баалардын тез арада көтөрүлүшүн талап кылышып, антпесе жумушка чыкпай тургандыктарын айтышты», — деп айтылат маалыматта.

Мыйзамга ылайык, тарифтерди өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Токтомдун долбоорун депутаттардын кароосуна жиберүүдөн мурун документ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, белгиленген ченемдик укуктук актылардын бардык баскычтарын өтүшү керек. Жол кирени кымбаттатуу боюнча буга чейин жумушчу топ түзүлгөн.Биринчи этаптагы профилдик комиссиянын корутундусуна ылайык, мэрия документти коомдук талкууга чыгарат. 26-апрель күнү иштелип чыккан документ коомдук талкуулоо үчүн Бишкек шаардык администрациясынын сайтында жарыяланат. Беш күнгө созулган талкуудан кийин документ Экономика жана финансы министрлигине жиберилет.

Количество просмотров: 235