Бишкек мэриясы муниципалдык автобус, троллейбуска жол киренин жаңы тарифин сунуштады. Бул тууралуу вице-мэр Максат Сазыкулов 21-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда айтты.
Вице-мэр Максат Сазыкуловдун айтымында, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, «Тулпар» картасы менен төлөнсө 17 сом болот.
MegaPay электрондук капчыгы менен төлөгөндө, жол киренин баасы 11 сом бойдон калат.
Ушул тапта борбордо кичи автобустардагы жол кире 15 сом. Автобус, троллейбуста 11 сом.